08.02.22

Кыргызстандын Инвестициялар агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов Түркиянын ишкерлер ассоциациясынын     (ASCON) президенти Орхан Айдын баштаган ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу, аталган мекеменин басма сөз кызматы  билдирди.

Жолугушууда, Нурадил Баясов Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, Түркиялык ишкерлерди өлкөгө инвестиция салууга чакырды.

Өз кезегинде, Түркиянын ишкерлер ассоциациясынын     (ASCON) президенти Орхан Айдын түрк ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экенин белгилеп өттү. Түркиялык ишкерлер, Кыргызстандагы инвестициялык климаттын мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышкандыгын жана жакынкы аралыкта ишкерлердин Кыргызстанга иш сапары уюштурула тургандыгын билдирди.

Түркиянын ишкерлер ассоциациясынын (ASCON)  өкүлдөрү Нурлан Баясовду, Түркиянын Кайсери шаарында  өтө турган бизнес-форумга ардактуу конок катары катышууга чакырышты.

Түркиялык ишкерлер, мындай иш-чаралар отуздан  ашык өлкөнүн катышуусунда өтүп жатканын, бул Кыргызстанды таанытуу үчүн эң сонун аянтча экенин баса белгилешти.

Эскерте кетсек, Түркиянын ишкерлер ассоциациясы  (ASCON) 1998-жылы негизделген. Түркияда 40 ашуун филиалы жана Брюссель, Нью-Йорк, Пекин, Жидда жана Жакарта сыяктуу шаарлар менен бирге дүйнөнүн ири соода борборлорунда кеңселери бар. Түркия боюнча 6000 ашуун мүчөсү жана жалпысынан 500,000 ашуун мүчөсү бар. Жылдык товар жүгүртүүсү 17 миллиард доллардан ашат.

https://economist.kg/novosti/2022/02/08/krupnaya-tureckaya-associaciya-predprinimatelej-posetit-kyrgyzstan/