09.02.22

Кыргызстанда июнь айында, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн инвестициялык форуму өтөт. Мындай чечим, Инвестициялар агенттигинин (КАДИ) жетекчиси Нурадил Баясовдун Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн Соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынды.

Баясов түрк дүйнөсү менен инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, президент Садыр Жапаровдун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашкан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) инвестициялык фондун түзүү сунушун дагы бир жолу белгиледи.

Өз кезегинде, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысынын экономика жана инвестиция боюнча орун басары Омер Кожаман, Кыргызстандын түрк дүйнөсүндөгү өзгөчө ордун баса белгилеп. Ошондой эле ал  соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого жана инвестиция тартууга колдоо көрсөтүп, ошондой эле Бишкекте инвестициялык фондду ачууга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

https://economist.kg/novosti/2022/02/09/investicionnyj-forum-tjurkoyazychnyh-stran-projdet-v-kyrgyzstane/