15.02.22

Түркияда дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына жеңилдиктерди берүү жана Түркиядан “Груз 200” жүктөрүн Кыргызстанга акысыз жеткирүү маселелери талкууланды.

Бул тууралуу, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкованын “Түрк аба жолдору” компаниясынын өкүлдөрү жана Түркиянын Коммерциялык сатуу департаментинин директору Махмут Йайла жана анын Борбор Азия рыногу боюнча орун басары Тунжай Эминоглу менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун алкагында экономикалык кызматташуу маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоодо “Түрк аба жолдору” компаниясынын ролу талкууланды.

Лира Сыдыкова 2021-жылы, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү 736,1 миллион долларга жеткенин белгилеп, мындан аркы өсүштү камсыз кылуу жана эки өлкөнүн экономикалык ишмердүүлүгүнүн бардык чөйрөлөрүндө соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн аба менен жүк ташуулардын санын көбөйтүүнү сунуштады.

Ошону менен бирге тараптар, Изник ​​шаарында өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучуларга жеңилдетилген тарифтерди берүү маселелерин талкуулап, башкы консул Лира Сыдыковага “Груз-200” Кыргызстанга жеңилдетилген баада же бекер жеткирүү маселесин карап чыгуу сунуштады.

Эскерте кетсек, Түркия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын сентябрь айынын аягында, Түркиянын Изник ​​шаарында 76 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын этноспортчуларынын катышуусунда өтүүсү пландалууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууну улантууну макулдашышты.

https://kabar.kg/news/v-turtcii-obsudili-predostavlenie-l-got-uchastnikam-vik-i-dostavku-gruza-200-v-kr-iz-rt-na-bezvozmezdnoi-osnove/