15.02.22

Кыргызстандын аймактарында өнөр жай аймактары түзүлөт. Бул тууралуу, 15-февраль күнү Бишкекте өткөн маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Акылбек Жапаров: “Учурда Кыргызстан боюнча 789 гектар жер Түркия сыяктуу өнөр жай кластерлерин түзүү үчүн трансформацияланды”, - деп билдирди. Өкмөт башчысы, Кыргызстан бул багытта Түркиялык инвесторлорун күтүп жатканын билдирди.

Акылбек Жапаров: “Муну менен ишкерлер, Түркиянын рыногун гана эмес, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногун да пайдалана алышат. Ошондой эле, “ВПС+” дагы эле иштеп жатат. Бул статусту дагы 3 жылга узартып жатабыз. Кыргызстан Түркия менен бирге Европага бажы төлөмү жок товарларды сата алат”, - деп билдирип өттү.

https://www.tazabek.kg/news:1762694?from=portal&place=last&b=4