16.02.22

Түркиялык “Ronesans Healthcare Investment Co. Inc.” холдинги  Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп функционалдуу клиника куруусу үчүн жер тилкесин бөлүп бермекчи. Мындай макулдашууга, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана аталган холдингдин жетекчилигинин жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилди. Бул тууралуу, Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар долбоордун Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн талкуулашып, аны ишке ашыруу Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы потенциалын өнүктүрүүгө, жарандарга сапаттуу медициналык жардам алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга, ошондой эле медициналык туризмдин мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Башкармалыктын башчысы кызматташуунун артыкчылыктуу экенин белгилеп, Түркиянын компаниясынын саламаттыкты сактоо тармагындагы чоң тажрыйбасын баса белгиледи. Ошондой эле долбоордун алкагында, кызматташуу жемиштүү жана ийгиликтүү болоруна үмүт артарын билдирди.

Түркиялык “Ronesans Healthcare Investment Co. Inc.” компаниясы, саламаттыкты сактоо системасынын негизги инвесторлорунун бири болуп саналат. Акыркы 15 жылдын ичинде компания “Engineering News Record” (ENR) журналы тарабынан жарыяланган дүйнөдөгү эң ири эл аралык подрядчик компаниялардын тизмесине киргизилген. “Engineering News Record” (ENR) журналынын  2021-жылдагы маалыматы боюнча,  “Ronesans Healthcare Investment Co. Inc.” холдинги  дүйнөдөгү 28-чоң эл аралык подрядчик компаниянын катарына кирет жана Европада 9-орунда турат.

Эскерте кетсек, компания Түркияда бештен ашык оорукана курган. Алардын эң ирилеринин бири  “Чам жана Сакура” көп функционалдуу комплекси болуп саналат. Бул комплекс 789 000 м² аянтта жайгашкан жана сегиз ооруканадан турат, анын ичинде төрөт үйү, балдар ооруканасы, жалпы оорукана, жүрөк-кан тамыр ооруканасы, неврология жана ортопедия ооруканасы, онкология ооруканасы, психиатриялык оорукана жана башкалар бар.

https://economist.kg/novosti/2022/02/16/tureckoj-ronesans-healthcare-pokazhut-potencialnye-uchastki-dlya-stroitelstva-kliniki/