15.02.22

Президент Садыр Жапаров 15-февраль күнү Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында, биринчи ата мекендик автобусту чогулткан ишканага барды. Бул тууралуу, мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандык “Beles.kg” ишканасы, “SAE” автомобилдик инженерлер коомунун экспертизасынан өттүп, унаанын универсалдуу идентификациялык кодун  “WMI Code K59” сертификатын алган. Алынган сертификаттын негизинде, “Beles.kg” ишканасы өндүрүштү уюштуруу жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташуусуна жол ачылган.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөр менен тыгыз байланыштар түзүлүп, бир катар чет элдик компаниялары болгон “DAF Components” (Нидерланды), “ZF Friedrichshafen AG” (Германия), “NPP ITELMA” (Россия) жана “SSAB” (Швеция) компаниялары менен тетиктерди жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, нөлдөн баштап, толук кураштыруу кыргызстандык адистер тарабынан ишке ашат, ошондуктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот.

Бүгүнкү күндө Евро 5 стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын сыноо үлгүсүн чыгаруу аяктады. Жакынкы күндөрү, үлгү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн Кыргызстандын сыртына жөнөтүүгө даярдалып, андан соң өнөр жайлык масштабда өндүрүү пландалууда.

Президент атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында, мамлекет бул ишканада чыгарылган 10 даана автобустун биринчи партиясын сатып аларын белгиледи. Бул унаалар ийгиликтүү иштетилген учурда, завод менен үзгүлтүксүз тыгыз кызматташуу маселеси каралмакчы.

https://economist.kg/novosti/2022/02/15/v-kyrgyzstane-sobrali-pervyj-otechestvennyj-avtobus-foto/