10.03.22

Түркиянын Конья шаарында  8-марттан 12-мартка чейин эл аралык айыл чарба көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 305 миң катышуучудан турган бул көргөзмөгө дүйнөнүн 101 мамлекетинен 1000 ашык компаниялар катышууда.

Көргөзмөгө Кыргызстандын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин долбоордук тобу жетектеген ондон ашык ата мекендик компаниялар келгени айтылат.

Кыргызстандын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө:  “Көргөзмөнүн алкагында 20 ашык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Көрүшмө учурунда аларга Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар берилди”, - деп айтылат.

Кыргызстандын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин долбоордук тобунун өкүлдөрү “B2B” форматындагы жолугушууларында, Түркиянын “MÜSİAD” Бизнес ассоциациясы, Конья Соода палатасы жана Конья Фондулук биржасынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

https://kabar.kg/news/v-turtcii-prokhodit-sel-khozvystavka-tovarov-iz-kyrgyzstana/