03.11.22

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу чет элдик түз инвестициялардын агымы 29,9% пайызга өскөн. Мындай маалыматты, Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Кыргызстанга 2021-жылы инвестициянын көлөмү 698 миллион доллардан ашкан.

Чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги бөлүгү (97% пайызга жакыны) өндүрүш ишканаларына, геологиялык чалгындоого, тоо-кен, финансы жана камсыздандырууга, маалымат жана байланыш ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган.

Геологиялык чалгындоого багытталган инвестициялардын көлөмү 2,7 эсеге, дүң жана чекене соода ишканаларына 1,6 эсеге, маалымат жана байланышка  20,2% пайызга, финансылык ортомчулукка жана камсыздандырууга  19% пайызга, тоо-кен казып алуу тармагына 14,3% пайызга, кайра иштетүү өнөр жайына 7,2% пайызды түзсө, курулуш тармагына келген инвестиция 4,3 эсеге кыскарган.

КМШ өлкөлөрүнөн тышкаркы мамлекеттерден келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 8,7% пайызга өскөн. Негизинен Германиядан 8,4 эсеге (өндүрүш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу), Түркиядан 4,2 эсеге (кен казып алуу, кайра иштетүү өнөр жайы, дүң жана чекене соода), Англия  2 эсе (геологиялык чалгындоо), Кипр  2,6 эсе (өндүрүш), Кытай  1,7 эсе (геологиялык чалгындоо, өндүрүш, дүң жана чекене соода).

Чет өлкөлүк түз инвестициялардын жалпы көлөмүнүн эң чоң үлүшү Кытай (33,4%), Түркия (14,7%), Нидерландия (8%), Улуу Британия (7,6%) жана Германия (4,4%) пайызды түзөт.

https://economist.kg/novosti/2022/03/11/pritok-pryamyh-inostrannyh-investicij-v-kr-uvelichilsya-pochti-na-30/