03.12.22

Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан “Экинчи дипломатиялык” форумдун алкагында, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен  11-март күнү жолугушуп, соода тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөөнүн келечегин талкуулашты.

Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомстволордун жетекчилери сооданын мындан аркы динамикалык өсүшү жана анын көлөмүн эки миллиард долларга жеткирүү боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар ошондой эле Кыргызстандын президентинин чек арага чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек арага чектеш облустарынын акимдеринин кезектеги жыйынын, Кыргызстандын аймагында жакын арада өткөрүүнү макулдашышты.

Ошондой эле расмийлер, Өзбекстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүүнү талкуулашты. Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлери учурдагы эл аралык жана аймактагы абал  боюнча пикир алмашышты.

https://centralasia.news/14184-bishkek-i-tashkent-naceleny-narastit-tovarooborot-do-2-milliardov-dollarov.html