14.03.22

Индиянын Соода-өнөр жай палатасы (PHDCCI) башында турган ишкерлердин делегациясы 13-март күнү Кыргызстанга келди. Бул тууралуу, Кыргызстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунан (КСПП) билдиришти.

Индиянын 20 ашык бизнес тармагынын өкүлдөрү, Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев жана Кыргызстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев жана анын мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, индиялык тарап Кыргызстан менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жарыялады, анын ичинде:

-Медициналык жабдууларды жеткирүү жана тажрыйба алмашуу;

-Туризм жана медициналык туризм;

-Медициналык жардамды өнүктүрүү;

-Медициналык эмеректерди жана медициналык буюмдарды, онкологиялык оорулуулар үчүн буюмдарды жеткирүү;

- Боорду трансплантациялоо борборун түзүү;

- Дары чөптөрдү жана өсүмдүктөрдү кайра иштетүү;

- Иммунитетти көтөрүүчү суусундуктарды чыгаруу;

- Текстиль буюмдарын жеткирүү.

Эскерте кетсек, Индиянын Соода-өнөр жай палатасы (PHDCCI)  1905-жылы негизделген. Индиядагы алдыңкы соода палаталарынын бири болуп саналат. Анын Бахрейнде, Перс булуңунда жайгашкан 6 өлкөдө өзүнүн эл аралык кеңсеси бар. Анын курамына чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө толугу менен багытталган 130 миң компания кирет.

https://www.tazabek.kg/news:1768237?from=tazabek&place=mainlast