03.15.22

Кыргызстан жана Катар Перс булуңундагы өлкөлөргө ата мекендик продукцияны мындан ары экспорттоо максатында Катар өлкөсүнүн аймагында соода түйүнүн ачуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул маселе Дохадагы “AgriteQ” көргөзмөсүнүн алкагында Катардын эркин экономикалык аймагынын (QFZ) аткаруучу директору Лим Менг Ху менен Кыргызстандык ишкерлердин жолугушуусунда талкууланды.

Өз кезегинде Кыргызстандын Инвестициялык агенттигинин өкүлдөрү, Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү Катардын  “Alfardan” мейманканалар тармагын бөтөлкөгө куюлган суу, кургатылган мөмө-жемиш, эт жана балык азыктары менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ошол эле учурда, Катардын “Al Meera” соода тармагы Кыргызстандан бал, кургатылган жемиш, жаңгак жана бөтөлкөдөгү сууну импорттоого кызыкдар экенин билдирди.

https://economist.kg/novosti/2022/03/15/v-katare-mozhet-otkrytsya-torgovyj-hab-kyrgyzstanskoj-produkcii-dlya-dalnejshego-eksporta/