03.16.22

Кыргызстан жана Казакстандын чек ара аймактарында, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн соода-логистикалык борборлорду ачуу жана товарларды транзиттөө пландаштырылууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаевдин жолугушуусу болгон.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Алдыда келе жаткан, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алкагында, быйылкы жылы боло турган иш сапарларды жогорку деңгээлде уюштурууну, атап айтканда, Казакстандын президенттинин алдыдагы расмий сапарын өткөрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу өз ара пикир алмашышты. Ошондой эле Бишкек шаарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнү талкуулашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин тараткан маалыматта: “Биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду, анын ичинде айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн чек ара аймактарында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү борборлорун түзүү, ошондой эле товарларды транзиттик өткөрүү”, - деп айтылат маалыматта.

Руслан Казакбаев  Кыргызстандын жарандарын кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын автожол бекеттери аркылуу тоскоолдуксуз кесип өтүүсүн калыбына келтирүү маселесин тездетүү өтүнүчүн билдирди.

Мындан тышкары, тараптар маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү, атап айтканда, 2022-жылы күзүндө Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү жана Бишкек жана Нур-Султан шаарларында эстеликтерди орнотууну талкуулашты.

https://kabar.kg/news/na-prigranichnykh-uchastkakh-kr-i-rk-planiruetsia-otkryt-torgovo-logisticheskie-tcentry-dlia-sel-khozproizvoditelei-i-tranzita/