17.03.22

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркияга болгон иш сапарынын алкагында,  кесиптеши Фахреттин Кожа менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Түркиянын “Ушхаш” мамлекеттик акционердик коомунун (ыйгарым укуктуу орган, анын ичинде дары-дармек жана медициналык буюмдар маселелери боюнча) өкүлдөрү жана Кыргызстандын Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда, Кыргызстанды дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоо, ошондой эле оор дартка чалдыккан кыргызстандыктарды Түркияда дарылоо үчүн квоталардын көлөмүн көбөйтүү маселеси талкууланды.

Көрүшмөнүн жыйынтыгында, Түркия Кыргызстан үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды бөлүштүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги ошондой эле дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды алып келүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин уюштуруу боюнча чараларды көрөт. Мындай чаралар, Украинадагы кырдаалды эске алуу менен кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан дары-дармек жана медициналык буюмдар рыногун толуктоого мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көрүшмөнүн соңунда, Түркия тарапка активдүү кызматташуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

https://kabar.kg/news/dostignuta-dogovorennost-s-turtciei-ob-otpuske-lekarstv-i-medizdelii-minzdrav-kr/