18.03.22

2022-жылдын 16-17-март күндөрү, Өзбекстандын Ташкент шаарында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жетектеген делегация, “Азия Тынч океан аймагындагы өлкөлөр – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Европа” эл аралык мультимодалдык коридорунун өнүгүүсүнө арналган кеңешмеге катышты. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы  билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну уюштуруу, ошондой эле эл аралык мультимодалдык маршрут боюнча фитинг аянтчаларын жана тарифтик коридорду өз убагында түзүп берүү боюнча маселелер талкууланып, бир катар макулдашууларга жетишилди.

Өз сөзүндө “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев жолугушууну уюштурган “Өзбек темир жолу” ишканасынын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, долбоорду эл аралык мультимодалдык коридор боюнча өнүктүрүүнүн олуттуу актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Азамат Сакиев:  “Кыргыз темир жолу мультимодалдык транспорт коридору боюнча контейнердик поездди ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүгө стратегиялык маани берет. Бул жолугушуу, алдыга коюлган долбоорду ийгиликтүү илгерилетүү боюнча бардык учурдагы маселелерди мындан ары практикалык чечүү үчүн күчтүү стимул болот деп ишенем”, - деп билдирип өттү.

Белгилей кетсек, жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз темир жолу” ишканасы тарабынан бир катар сунуштар айтылды. Айтылган сунуштар эске алынып, темир жол башкармалыктарынын адистеринен турган темир жолду ишке киргизүүнү мындан аркы   мультимодалдык эл аралык транспорт коридорун ишке киргизүүнү    тездетүү боюнча туруктуу жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топ ошондой эле бул маршрут боюнча товарларды тоскоолдуксуз ташууну уюштурууга байланышкан бардык маселелерди чечүүнү өз колуна алмакчы. Жумушчу топтун жетечиси болуп “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директордун орун басары Дастан Усубакунов дайындалды.

Жыйындын катышуучулары “Азия-Тынч океан өлкөлөрү – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия Европа” эл аралык мультимодалдык коридорунун долбоорун илгерилетүү боюнча темир жол башкармалыктарынын жетекчилеринин кезектеги жыйынын Кыргызстанда өткөрүү чечимин бир добуштан колдошту.

Көрүшмөнүн жыйынтыгында Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Ирандын жана Түркиянын темир жол башкармалыктарынын жетекчилеринин “Азия-Тынч океан  өлкөлөрү – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Түркия – Европа”  эл аралык мультимодалдык маршрутун өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлду.

https://kabar.kg/news/v-tashkente-obsudili-voprosy-proekta-zh-d-koridora-strany-atr-kitai-kyrgyzstan-uzbekistan-turkmenistan-azerbaidzhan-gruziia/