18.03.22

Кыргызстанда 100 МВт кубаттуулуктагы күндөн энергия алган электр станциясын куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Бул тууралуу, өкмөттүн  басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) аймактык менеджери Мунир Ферози баштаган делегациясы менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Азиз Аалиев көрүшмө учурунда, Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө басым жасап жатканын белгилеп, Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) жардамы менен 100 МВт күндөн энергия алган электр станциясын куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.

Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлү Мунир Ферози энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар мындан аркы маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү макулдашышты.

https://economist.kg/novosti/2022/03/18/v-kyrgyzstane-hotyat-zapustit-pilotnyj-proekt-solnechnoj-elektrostancii-v-100-mvt/