25.03.22

Кыргызстандын Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов Борбор Азия өлкөлөрүнө, Каспий деңизинин портторун биргелешип өнүктүрүүнү жана пайдаланууну сунуштады. Бул тууралуу, ал Ташкентте болуп өткөн “Борбор Азиядагы соода агымынын трансформациясы” аттуу тегерек столдо билдирди.

Министрдин орун басары, жакынкы аралыкта учурдагы транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана жаңысын калыптандыруу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү зарыл экенин белгиледи.

Ал мисал катары “Кашгар-Эркештам-Ош-Анжиян-Ташкент” мультимодальдык транспорт коридорунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу керек экендигин белгилеп өттү.

Кыргызстандын Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов: “Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн дүйнөлүк кызмат көрсөтүү рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана тышкы соода агымы үчүн транспорттук кызматтардын сапатын жогорулатат”, - деп билдирди.

Канат Абдрахманов ошондой эле жаңы транспорттук-логистикалык коридорлорду өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу маалымат берди.  Мисалы “Бандар-Аббас порту (Иран деңиз порту) жана андан ары “Түркмөнстан – Өзбекстан – Кыргызстан” аркылуу өткөн темир жол каттамы боюнча мультимодалдык товар ташууга болот.

Тегерек стол, Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык каржы институттарынын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

https://economist.kg/novosti/2022/03/25/kyrgyzstan-predlozhil-stranam-ca-obedinitsya-v-logistike-chtoby-vyjti-na-mirovoj-rynok/