31.03.22

Бишкек шаарында, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түркиялык “Мир Холдинг” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ибрагим Мирмахмутогулары менен  жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Ибрагим Мирмахмутогулдары “Мир Холдинг” компаниянын ишмердүүлүгү менен тааныштырып жана көрүшмөнүн жүрүшүндө, тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Атап айтканда, бул компания технопарктар тармагында кызматташууга даяр экенин, ошондой эле гибриддик дубалдарды чыгаруучу заводдорду курууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушууга ошондой эле “Кыргызиндустрия” компаниясынын директору Жарасул Абдураимов, Кыргызстандын атаандаштыкты коргоо боюнча “Агробизнес”  борборунун өкүлдөрү жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Эскерте кетсек, “Мир Холдинг” команиясынын курамына  өнөр жай, айыл чарба, энергетика, курулуш багыттары боюнча иш алып барган 15 компания кирет. Түркияда, Германияда, Азербайжанда, Россияда заводдору жана Түркиядагы эң чоң жеке менчик изилдөө лабораториясы бар.

Коргоо өнөр жайында бюджети эң ири долбоорду (10,2 миллион доллар) ийгиликтүү ишке ашырган. Компания Америка жана Канададан кийинки дүйнөдө алдыңкы технологияны колдонгон 3-компания болуп эсептелет.

https://kabar.kg/news/turetckaia-kompaniia-zainteresovana-v-stroitel-stve-zavoda-po-vypusku-gibridnykh-sten-v-kyrgyzstane/