31.03.22

Өзбекстан президентинин “Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк” шарттарында, Каракалпакстандын Караузяк районунда кубаттуулугу 100 мегават (МВт) шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо  долбоорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө токтому кабыл алынды. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен өткөрүлгөн эл аралык тендердин жыйынтыгында 1 киловатт-саат электр энергиясына 2,5695 цент тарифтик сунушу менен Сауд Арабиясына таандык “ACWA Power” компаниясы жеңүүчү деп табылган.

Долбоордун алкагында, инвестор шамал электр станциясын бирдиктүү энергетикалык тутумга кошуу үчүн аба электр чубалгыларын, подстанцияны жана коммутациялык пункттарды куруп, кийинчерээк “Өзбекстандын улуттук электр тармактары” компаниясына өткөрүп берет.

Долбоордун баасы 107,8 миллион долларды түзөт жана 100 пайыз инвестор (ACWA Power) тарабынан каржыланат.

Электр станциясы 2024-жылы ишке кирет. Ишке киргизилгенден кийин станция жылына 350 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат, бул 120 минден ашык үй-бүлөнү электр энергиясы менен камсыз кылат.

Эскерте кетсек, станцияны ишке киргизүү жылына 106 миллион кубометр жаратылыш газын үнөмдөп, 160 миң тонна парник газынын атмосферага чыгышын алдын алат. Үнөмдөлгөн газдын эсебинен 1 жылдын ичинде 35 миң үйдү жаратылыш газы менен камсыздоого болот.

Жаңы шамал электр станциясын курууга 400 адам тартылса, завод ишке киргенде 30 жаңы жумушчу орун түзүлөт.

https://kabar.kg/news/v-uzbekistane-priniato-postanovlenie-po-stroitel-stvu-novoi-vetrianoi-elektrostantcii/