01.04.22

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушун башталгандыгын билдирди. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыл аягына чейин 5 чакырым темир жолду куруу пландалууда.

“Балыкчы-Кочкор” (63км)  “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” (186 км) темир жол долбоорунун биринчи этабы болуп эсептелет.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Азыркы учурда 500 метр темир жол линиясын төшөө иштери аяктады. Жылдын аягына чейин 5 чакырымга жакын темир жолду төшөө күтүлүүдө. Темир жолду толук бүткөрүп, ишке киргизүү 2030-жылга чейин күтүлүүдө” – деп маалымдалат.

Долбоор учурда өлкөнүн өздүк каражаттарынын эсебинен, кошумча инвестиция тартылбастан ишке ашырылып жатканы айтылды.

Калкты жана Бишкек ТЭЦин көмүр менен камсыз кылуу үчүн ‘Кара-Кече” көмүр кенин иштетүүдө темир жол менен көмүрдү ташуу эң арзан жолго айланаары күтүлүүдө.

 Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта:  “Жаңы темир жолдун курулушу өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү, аймактарды транспорттук байланыш менен камсыздоо жана жалпы өлкөнүн бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир катар маселелерди  чечет”- деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы, Макмал аркылуу Жалал-Абадга чейин темир жолду курууну улантуу менен өлкөнүн түндүк-түштүк аймактарын акырындык менен бириктирүү зарылдыгын белгилеп, ошондо гана бул жол толугу менен Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштей турганын кошумчалады.

https://economist.kg/novosti/2022/04/01/stroitelstvo-zh-d-balykchy-kara-keche-do-konca-goda-prolozhat-5-km-dorogi-zakonchat-k-2030-godu/