01.04.22

Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылында М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы болду. Долбоордун сметалык баасы 3,5 миллион долларды түзүп, анын курулушуна, Өзбекстан акча каражатын бөлүп берген.

Бул тууралуу,  министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Мектептин ачылыш аземине видеоконференция аркылуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышты.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров: “Баткен облусу Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешет жана биз өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча чек ара кызматташтыгын кеңейтүүнү жана көбөйтүүнү жактайбыз. Мен Өзбекстандын жетекчилигине бул мекеменин курулушуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиргим келет”, - деп билдирип өттү.

Өз кезегинде, Өзбекстандын премьер-министри мындай иш-чаралар аркылуу эки бир тууган элдин достугу дагы бекемделерин баса белгилеп, Кыргызстанга тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Эскерте кетсек, 330 орундуу жаңы мектеп имаратынын курулушу 2021-жылдын июль айында башталган.

https://economist.kg/novosti/2022/04/01/uzbekistan-profinansiroval-stroitelstvo-shkoly-v-batkenskoj-oblasti-na-3-5-mln/