16.05.22

Кыргызстандын “Легпром” ассоциациясынын жана кийим тигүүчү ишканаларынын өкүлдөрү, Өзбекстанга барып, текстиль жана тигүү ишканаларынын тажрыйбасы менен таанышып, иштиктүү байланыштарды түзүү жана керектүү сырьену сатып алуу боюнча көрүшмөлөрдү өткөрүштү.

Иш сапардын алкагында, Кыргызстандын “Легпром” жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сапар Асанов жетектеген делегация “Ташкент” текстиль форумуна катышышты.

Форумда Өзбекстан, Беларусь жана Кыргызстандын текстиль тармагынын учурдагы абалы, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын маселелери жана текстиль жана тигүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды.

Мындан тышкары, форумдун алкагында “Беллегпром” жана “Узтекстильпром” ассоциацияларынын төрагалары менен жемиштүү жолугушуулар болуп, анда Кыргызстандын тигүү тармагын сырье менен камсыз кылуу боюнча кызматташуу талкууланды.

Ошондой эле Ташкентте өткөн “UxTextile Expo” текстиль жана мода индустриясынын 4-эл аралык көргөзмөсүнө, Кыргызстандын делегациясы катышты. Кыргызстандын тигүү ишканаларынын өкүлдөрү көргөзмөгө коюлган текстиль буюмдарынын ассортименти менен таанышып, ошондой эле кездеме өндүрүүчүлөр менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Мындан тышкары, “Легпром” ассоциациясынын мүчөлөрүнөн турган делегация кездеме чыгаруучу ишканаларды, боёк фабрикаларын, линиялык өндүрүшү бар даяр продукцияларды чыгаруучу ишканаларды, ошондой эле Өзбекстан-Корея окуу-практикалык “Kor-Uz Textile Technopark” текстиль технопаркында болушту.

Бул сапардын жыйынтыгында, кызматташуу маселелери анын ичинде, Өзбекстанда тигүү өндүрүшү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу, бул тармакта иштеген кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, эки өлкөнүн кадрларын даярдоо боюнча окуу борборлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, ошондой эле Кыргызстандын тигүү тармагын сырье менен камсыздоо маселелери талкууланды.

https://kabar.kg/news/kyrgyzskie-shveinye-kompanii-oznakomilis-s-tekstil-no-shveinym-sektorom-uzbekistana/