18.05.22

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Малатия шаарынын мэри Селахаттин Гюркан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Баткен өрүгүн жайылтууга көмөктөшүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Малатия менен Баткен шаарлары бир тууган шаар экени, шаарлар ортосунда тыгыз кызматташтыкты түзүү зарылдыгы айтылды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы: “Өрүктү экспорттоо боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлеген Түркиянын өрүгүн өндүрүүнүн 70% пайызга жакыны Малатия облусунда өстүрүлгөндүгүн эске алып, элчи өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча жаңы технологиялар менен практикалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Мөмө-жемиштерди, ошондой эле Баткен өрүгүн экспорттоого көмөктөшүүнү суранды”, - деп айтылат маалыматта.

Кубанычбек Өмүралиев ошондой эле Малатия шаарынын мэрине, шаарда жашаган этникалык кыргыздарга жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Акыркы мезгилде, Кыргызстандын жарандарынын иштөө жана билим алуу үчүн келгендеринин саны көбөйүп жатканын эске алып, аларды ишке жайгаштырууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

 

https://economist.kg/novosti/2022/05/18/turciju-prosyat-pomoch-s-prodvizheniem-eksporta-batkenskogo-abrikosa/