23.05.22

Кыргызстандын Экономика министрлигинде, Кыргызстан жана Өзбекстандын ишкерлеринин жолугушуусу өтүп, анда базальт буласы, жип жана дары-дармек чыгаруучу ишканаларды ачуу боюнча долбоорлор талкууланды. Бул тууралуу, аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын делегациясын, Өзбекстандын Реконструкциялоо жана өнүктүрүү фонду, Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттиги, “Өзбекгидроэнерго” акционердик коому (ААК), “Узельтехсаноат” бирикмеси, “Узсаноаткурулуш материалдары” ассоциациясы, “Узтекстильпром” ассоциациясы, “Өзбекстандын өнүктүрүү жана реконструкциялоо фонду”, “Өзбекгидроэнерго” акционердик коому (ААК),  “Узтекстильпром” бирикмеси, “Арт софт холдинг” текстиль холдинги сыяктуу ведомстволордун жана компаниялардын жетекчилери катышты.

Кыргызстан тараптан, “Өзбекстан-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев, “Кыргызиндустрия” акционердик коомунун вице-президенти Жыргалбек Сагынбаев, “Легпром” ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов, “Тулеке” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) жана “Бишкекгорлифт” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) жетекчилери катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар, Кыргызстанда базальт буласын, Жалал-Абад областында текстиль булаларын өндүрүүнү, фармацевтика, гидроэнергетика жана башка перспективдүү багыттарда кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кызматташуунун бардык каралып жаткан багыттары боюнча, өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерди жасоону макулдашышты.

https://economist.kg/novosti/2022/05/23/proekty-po-proizvodstvu-bazaltovogo-volokna-pryazhi-i-lekarstv-obsudili-s-uzbekskimi-kompaniyami/