26.05.22

Кыргызстандын вице-премьер-министри Арзыбек Кожошев жана Казакстандын вице-премьер-министри Бахыт Султанов 26-май күнү, “Кыргыз-казак” биргелешкен өнөр жай-логистикалык комплексинин курулушуна капсула салуу аземине катышышты. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы  билдирди.

Иш-чара “Ак-Тилек” жана “Кара-Суу” автожол өткөрүү терминалдарынын аймагында болуп  өттү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусунда аталган комплекстин курулушуна капсула салуу аземинен тартылган видеотасма көрсөтүлдү.

Белгиленгендей, аталган өнөр жай соода-логистикалык комплексинин базасында төө буурчак консерваларын өндүрүү, этти кайра иштетүү жана сатууга чейин даярдоо, парафармацевтикалык жана тамак-аш кошулмаларын өндүрүү долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, тоңдурулган бээнин сүтү, кийим-кечек жана сүт азыктарын өндүрүү каралууда.

Эскерте кетсек, Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев Бишкекке расмий иш сапары менен келип, кесиптеши Садыр Жапаров менен жолугушкан болучу.

https://centralasia.news/15420-kirgizija-i-kazahstan-nachali-stroit-sovmestnyj-industrialnyj-centr.html