28.05.22

Евразия өнүктүрүү банкы, Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, «Астана»  жашыл каржы борбору жана «Бишкек Солар» компаниясы, Кыргызстанда күн электр станциясын куруунун биринчи этабын каржылоо боюнча кызматташуу келишимине Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун алкагында кол коюшту.

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) тараткан маалыматта: “Мындай долбоор республикада биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Күн станциясынын кубаттуулугу жылына 50 МВт же 91 миллион кВт саатты түзөт. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жаңы объектиси өлкөнүн түндүгүндө, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жайгаштырылат. Күн электр станциясы энергиясынын зарыл болгон кошумча көлөмү менен камсыз кылат. Электр энергиясынын тартыштыгын азайтат жана өлкөнүн суу ресурстарын үнөмдөөгө жардам берет”, – деп айтылат.

Ошондой эле кол коюлган келишимге ылайык, Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) электростанциянын курулушун 40 миллион долларга чейин каржылоого кызыкдар экенин билдирди.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/05/27/kyrgyzstanda-birinchi-k-n-stanciyasy-kurulat-any-evraziya-n-kt-r-banky-40-mln-dollarga-karzhylajt/