18.07.22

Азербайжандын Баку шаарында  азык-түлүк, айыл чарба жана кийим-кече товарларын жайылтуу үчүн Кыргызстандын соода үйү ачылат.

14-июль күнү Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин башкармалыгынын төрагасы Орхан Маммадовдун жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Орхан Мамедов бул жолугушууда экономика тармагында эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө чакырды. Ал белгилегендей, учурда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу маселеси иштелип чыккан.

Кайрат Осмоналиев өз кезегинде кичи жана орто бизнес тармагында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал бул маселелер боюнча, Бакуда өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын 4-отурумунун алкагында пикир алмашууну сунуштады.

Элчи ошондой эле Кыргызстандын тамак-аш, айыл чарба, өнөр жай, ошондой эле тигүү жана текстиль өнөр жайынын продукциясын жайылтуу максатында, Азербайжанда Кыргызстандын Соода үйүн ачуу пландары менен бөлүштү.

Тараптар эки өлкөнүн инвестициялык климаты жана 20-апрелде президент Садыр Жапаровдун Бакуга расмий сапарынын алкагында өткөн бизнес-форумда сунушталган долбоорлор тууралуу маалыматтарды жайылтууда бири-бирине көмөктөшүүнү макулдашышты.

https://economist.kg/novosti/2022/07/18/v-baku-otkrojut-torgovyj-dom-kyrgyzstana-dlya-prodvizheniya-pishhevoj-selskohozyajstvennoj-i-shvejnoj-produkcii/