05.09.22

2022-жылдын 2-сентябрында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министри Вахит Киришчи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргызстан менен Түркиянын айыл чарба тармагындагы кызматташуусун, атап айтканда, билим берүү жана кадрларды даярдоо, негизги азыктарга (эт, бал, төө буурчак) бажы төлөмдөрүн азайтуу аркылуу, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Түркияга экспорттоону жогорулатуу маселелерин талкуулашты.  

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча биргелешкен өндүрүштү түзүү, ошондой эле айыл чарба тармагына инвестиция тартуу тууралуу маселелер талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандын Евразия Азия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө экендигин жана ВСП+ статусун эске алуу менен Европа Биримдигинин (ЕБ) рыногуна продукцияны алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маселелерди талкуулашты.

https://mfa.gov.kg/ru/osnovnoe-menyu/press-sluzhba/novosti/posol-kyrgyzstana-v-turcii-kubanychbek-omuraliev-vstretilsya-s-ministrom-selskogo-i-lesnogo-hozyaystva-tureckoy-respubliki-vahitom-kirishchi