07.09.22

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын “Anadolu” агенттигине берген маегинде өлкөнүн инвестициялык потенциалы тууралуу маалымат берди. Элчи биринчи кезекте, Кыргызстандын айыл чарба, гидроэнергетика, тоо-кен, туризм жана IT тармактарына Түркиядан инвестиция тартууга даяр экендигин билдирди.

Элчи кичи ГЭСтерди жана башка электр станцияларын куруу үчүн алынып келинген технологиялык жабдуулар министрлер кабинетинин чечими менен бажы төлөмдөрүнөн бошотулганын баса белгиледи. Ал эске салгандай, Кыргызстанда өлкөнүн 30дан ашык калктуу конуштарында жеңилдетилген салык салынуучу өнөр жай ишинин жеңилдетилген түрлөрүнүн тизмеси бар. Кубанычбек Өмүралиев: “Баткен облусунда өзгөчө салык режими бар, анын алкагында мамлекет ал жактагы долбоорлорду ишке ашырган инвесторлорго кепилдик берет”, - деп бегилеп өттү.

Ал ошондой эле аймактагы киреше салыгынын, кыймылсыз мүлккө салыктын, сатуудан түшкөн салыктын жана жер салыгына салык алынбай тургандыгын белгиледи. Дагы бир маанилүү жагдай “Бишкек”, “Нарын”, “Маймак”, “Каракол” жана “Лейлек” эркин экономикалык аймактарда чет элдик компаниялар үчүн жеңилдиктер каралган. Ошондой эле К.Өмүралиев Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кош салык салууга жол бербөө боюнча, инвестицияны коргоо жана илгерилетүүгө багытталган келишим бар экенин эске салды. Дипломаттын айтымында, эгерде чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга 125 миң доллар инвестиция салса, инвесторго жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө 3 жылдык мөөнөткө виза алуу мүмкүнчүлүгү бар экендигине токтолду. Кубанычбек Өмүралиев: “Биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылы 507,5 миллион долларды түзсө, 2021-жылы 835,9 миллион долларды түздү”, - деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, тараптар быйылкы жылы эки тараптуу сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатышат. “Түрк ишкерлерин өлкөбүзгө инвестиция салууга жана бизнес жүргүзүүгө чакырам. Элчиликтин атынан, жеке өзүмдүн атымдан, биз инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө жана Кыргызстандагы  долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө ар дайым даяр экенибизди билдирем”, - деп билдирди.

https://www.tazabek.kg/news:1802970?from=tazabek&place=mainlast