09.09.22

Кара-Балта шаарында текстиль фабрикасын куруп жаткан “Декна Бишкек Текстиль” компаниясынын директору, Түркиялык инвестор Фырат Дениз жана Кыргызстандын Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Равшан Сабиров менен жолугушуусунда курулуш иштери дээрлик бүтүп калганын билдирди.

Белгилей кетсек, тигүү жана текстиль фабрикаларын куруунун долбоору “Декна Бишкек Текстиль” компаниясы тарабынан ишке ашырылып жатат. Инвестициянын көлөмү болжол менен 25 миллион долларды түзөт. Ал эми курулушка азыркы учурга чейин 400 миң доллар сарпталган.

Түркиядан келген инвестор мурдагы “Кара-Балта” килем комбинатынын базасында жалпы аянты 53 миң чарчы метр жаңы текстиль фабрикасын ачууну пландаштырууда. Компания ишкананы кеңейтүүнү көздөп, совет мезгилинен калган аянты 35 миң чарчы метрди түзгөн оюнчук фабрикасынын имаратын алган болучу.

“Декна Бишкек Текстиль” компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Фырат Дениз, Равшан Сабировго текстиль фабрикасынын курулушу жакынкы аралыкта бүтөрүн билдирди.

Келечектеги ишкана кластердик ыкма менен иштеген уникалдуу фабрика болмокчу. Анткени ал даяр текстилдик кездемеден калган калдыктарды жипке жана кездемелерге кайра иштетүү аркылуу иш жүзүндө калдыксыз өндүрүштү камтыйт. Биринчи этапты ишке киргизгенден кийин ишкананын ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана бүтүндөй текстиль кластерин түзүү пландаштырылууда. Бул долбоорду ишке ашырууда 800-1000 жумушчу орун түзүлөт.

https://kg.economist.kg/news/2022/09/09/investor-kara-baltadagy-tekstil-fabrikasynyn-kurulushu-zhakynda-b-t-t-400-mi-dollar-salyndy/