28.09.22

Кыргызстанга 2021-жылы 1,3 миллион турист келген, бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 2,9 эсеге көпттүк кылат.  Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Аталган комитеттин маалыматы боюнча, туристтердин жалпы санынын ичинен 622 миң адам уюшкан туризм тармагында иш алып барышкан (2020-жылга салыштырмалуу 3 эсеге көпттүк кылат). Көрсөткүчтөрдүн өсүшү пандемияга байланыштуу чектөөлөр алынгандан кийин, ишкердик ишмердүүлүктүн (юридикалык жана жеке жактардын) калыбына келиши менен түшүндүрүлөт.

2022-жылдын 1-январына карата, Кыргызстанда туризм тармагында иш алып барган 118 миңден ашык ишкана катталган.

2021-жылы туристтерди 419 даана эс алуу объектилери жана туризм уюмдары, ошондой эле эс алуу жайларынын аймагында жана андан тышкары жайгашкан 1,4 миң конок үйлөрү кабыл алып, тейлеген.

Көрсөтүлгөн туристтик кызматтардын олуттуу бөлүгү Ысык-Көл облусуна туура келген. Аймакта 2021-жылы туристтерди 1,6 миң эс алуу жана туристтик уюмдар, анын ичинде конок үйлөрү кабыл алып, тейлөө кызматын көргөзүшкөн.

Ысык-Көл облусунун уюшкан туризм тармагында эс алгандардын саны 270 миң адамды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге көп болгон. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун курорттук зоналарында жайгашкан жеке адамдарга тиешелүү  конок үйлөрүндө 2021-жылы 675 миңден ашык адам эс алган, же өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 эсеге көпттүк кылат.

https://economist.kg/novosti/2022/09/28/v-2021-godu-kyrgyzstan-posetili-1-3-mln-turistov/