30.09.22

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрь күнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан-Түркия кызматташтыгынын ар кыл багыттары боюнча кеңири талкуулашып, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

Садыр Жапаров IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, алар адамзат цивилизациясынын менчиги катары дүйнөдө этноспорттук жана этномаданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

https://kg.akipress.org/news:1807971/?from=portal&place=nowread&b=1