09.30.22

Кыргызстандын Азербайжандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын каржы министри Самир Шарифов менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинен билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстандын Президенти С.Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон расмий сапарынан кийин, бекемделген Кыргызстан жана Азербайжандын ортосундагы кызматташтыктын абалы жана келечеги талкууланды.

Ошондой эле өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 4-жыйыны талкууланды. Кыргызстан менен Азербайжандын экономикалык жана гуманитардык кызматташуусу боюнча жыйын 16-августь күнү Баку шаарында өткөрүүсү пландалган.

Элчиликтин маалыматы боюнча, министр С.Шарифов Азербайжан тарап учурда эки өлкөнүн Каржы министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган 2023-жылга карата иш-чаралардын планын даярдап жатканын билдирди.

https://kabar.kg/news/posol-kyrgyzstana-i-ministr-finansov-azerbaidzhana-obsudili-sotrudnichestvo-dvukh-stran/