07.11.22

Кыргызстандын банктар союзу, Түрк тилдүү мамлекеттеринин банк ассоциацияларынын кеңешинин мүчөсү болду. 4-ноябрь күнү, Стамбул шаарында кеңешти түзүү жана көп тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюу аземи болгонун Кыргызстандын Банктар биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түрк тилдүү мамлекеттеринин банк ассоциацияларынын кеңеши Түркиянын банктар ассоциациясынын (ТВВ) колдоосу менен түзүлгөн. Жаңы уюмга Түрк тилдүү мамлекеттеринин уюмуна кирген Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын банк ассоциациялары кирет.

Жаңы түзүлгөн кеңеш санариптик банкингди өнүктүрүү, климаттык жана экологиялык тобокелдиктер менен күрөшүү, төлөм экосистемаларын өнүктүрүү жана башка көптөгөн маселелер боюнча түрк тектүү өлкөлөрүнүн кызматташтыгын өнүктүрөт.

Кыргызстандын Банктар биримдигинин тараткан билдирүүсүндө: «Мындай кызматташтык экономикалык өнүгүүгө жана социалдык бакубаттуулукка, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин банк ассоциацияларынын мындан аркы тыгыз жана координацияланган өз ара аракеттенүүсүнө өбөлгө түзөт», - деп айтылат.

https://economist.kg/novosti/2022/11/07/sojuz-bankov-kr-voshel-v-sovet-bankovskih-associacij-tjurkskih-gosudarstv/