18.11.22

Түркиялык адистер Кыргызстанда “Organic” эл аралык стандартындагы органикалык продукцияларды сертификациялоо боюнча орган ачууга көмөктөшөт. Бул тууралуу, “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында, Айыл чарба  органикалык   департаментинин директору Сагынбек Турсуналиев билдирди.

Сагынбек Турсуналиевдин айтымында, Кыргызстанда органикалык азыктар боюнча, жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, уруксат алуу үчүн Жогорку Кеңештен өтө элек. Ал жактырылганга чейин, азыркы мыйзам Кыргызстандын органикалык продукциясын чет өлкөлөрдө жигердүү таанытууга жана өлкөдө анын өндүрүшүн көбөйтүүгө көмөктөшүүгө жол бербейт.

Сагынбек Турсуналиев: «Жаңы мыйзам бекитилгенден кийин сертификаттоо боюнча, атайын мекеме ачуу пландалууда. Анын лабораториясынын аккредитациясы даярдалган. Мыйзам кабыл алынаары менен Түркиядан эксперттер келип, эл аралык органикалык сертификат берүү боюнча иштерин башташат. Бул биздин дыйкандарга экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт”, - деп белгилеп өттү.

Бүгүнкү күндө, Кыргызстанда мындай сертификаты бар болгону жети ишкана гана бар. Керектүү документтерди чет өлкөдөн алышкан. Алардын төртөөсү Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Алар жаңгак жана жаңгак майын, кара өрүктү, жашылча-жемиштерди, пахтаны жана айыл чарба азыктарынын ар кандай түрлөрүн экспорттошот. Ошондой эле Таласта төө буурчакты Европага сатуу үчүн сертификациясы бар бир ишкана, Ысык-Көл облусунда дагы бир дары-дармек өсүмдүктөрүн кургатуучу ишкана иштейт.

 

https://kabar.kg/news/turetckie-spetcialisty-pomogut-otkryt-v-kyrgyzstane-organ-vydachi-sertifikata-organic/