23.11.22

Бишкектен анча алыс эмес жерде Орто Азиядагы эң чоң эс алуу жайларынын (курорт) бири курулат. Бул тууралуу 23-ноябрда маалымат жыйынында, Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Елена Калашникова билдирди.

Анын айтымында, фонд буга чейин министрлер кабинетинен макулдук алып, Кыргызстанда эки абдан чоң долбоорду ишке ашыра баштаган. Алардын бири Бишкектин жанындагы эл аралык класстагы эс алуу аймагы.

Елена Калашникова:  «Комплекстин азырынча жумушчу аты  Оруу-Сай. Бул 15 километр асма жол жана 50 километрден ашык лыжа трассалары менен дүйнөлүк деңгээлдеги курорт болот. Ал кышкы жана жайкы спорттун эс алуу жайы болот. Эс алуу жайы жыл бою иштейт. Турак жай, тамак-аш, бассейндер, сейилдөө, ат минүү жана башкалар болот. Бул Борбор Азиядагы эң ири долбоорлордун бири”, - деп белгилеп өттү.

Ошондой эле  Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги эл аралык спорт комплексин экинчи ири долбоору дагы бар. Анын айтымында, бул спорттук мелдеш үчүн эмес, машыгуу үчүн комплекс болот.

Елена Калашникова:   «Эл аралык стандарттарга ылайык борбордо стадиондор, бассейндер жана машыгуу залдары болот.  Трибуналар болбойт. Бирок комплекс туристтик комплекс менен айкалышат. Анын аркасы менен туризм тармагынын эсебинен спортубузду өнүктүрүп, спортчуларга шарт түзө алабыз деп ишенем», - деп жыйынтыктады фонддун жетекчиси.

https://economist.kg/novosti/2022/11/23/nedaleko-ot-bishkeka-postroyat-odnu-iz-krupnejshih-zon-otdyha-v-centralnoj-azii/