06.12.22

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 2022-жылдын 1-3-декабрында Түркмөнстанга иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында, Кыргызстандын Транспорт министрлигинин башчысы Түркмөнстандын мамлекеттик транспорт тармагынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө автомобиль транспорту менен жүк ташуу боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Тилек Текебаев “Түркмөндеңиздеряоллары” агенттигинин төрагасы Аннадурды Косаев менен жолугушкан. Көрүшмөнүн жүрүшүндө, тараптар транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, автотранспорттук жүк ташуулардын санын көбөйтүү, анын ичинде товарларды жана транспорттук коридорлор, жеткирүүнүн жаңы логистикалык чынжырларын түзүү аркылуу ишти күчөтүү ниеттерин билдиришти.  

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министри  белгилегендей, эки өлкө ортосундагы эң активдүү өз ара аракеттенүү автотранспорт тармагында жүргүзүлүүдө.

Тилек Текебаев: “Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан (Түркмөнбашы порту) – Россия (Астрахань порту) альтернативдик мультимодалдык каттамын ачуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилегим келет”, - деп белгилеп өттү.

Өз кезегинде, Аннадурды Косаев кыргызстандык жүк ташуучулар паромду камсыздандырып, жүктөрүн ташыса болорун кошумчалады. Ошондой эле Кыргызстандын автотранспортчулары колдоно ала турган, жарактуулук мөөнөтү 3 жылга чейинки бажы транзиттик товарларын сактоочу кампалар бар экендигин билдирди. Мындан тышкары, кыргызстандык жүк ташуучулар, Өзбекстан-Түркмөнстан чек арасына чейин автотранспорт аркылуу жүктөрдү ташып, темир жол аркылуу контейнерлерге кайра жүктөп, Түркмөнбашы портуна жеткире алышат, ал жерде темир жол транспортунан кайра жүктөө үчүн бардык шарттар бар экендигин белгилеп өттү.

https://kabar.kg/news/kyrgyzstan-i-turkmenistan-obsudili-voprosy-sotrudnichestvo-v-sfere-gruzoperevozok/