09.12.22.

Түркиялык “Turkish Airlines”  авиакомпаниясы, Кыргызстандын туризмин чет өлкөлөрдө жайылтуу максатында, ата мекендик туроператорлорго бекер учак билеттери менен камсыздайт. Бул тууралуу, Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынан (КАТО) билдиришти.

Уюмдун маалыматына караганда, бул маселе “Turkish Airlines”   авиакомпаниянын Кыргызстандагы жаңы жетекчиси менен талкууланган. Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын (КАТО) басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Шафак Күчүкчолак мырза, Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүгө өз авиакомпаниясынын атынан көмөк көрсөтүүнү сунуштады. Кыргызстандын туризм тармагында  чоң мүмкүнчүлүкө ээ өлкө экенин түшүнөт, бирок дүйнөгө аз таанылгандыгын билдирди. Ошондуктан ал өз кезегинде, Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын  (КАТО) мүчөлөрүн Европага бекер учууларын жана туроператорлор эл аралык туристтик компанияларга, Кыргызстандын туристик потенциалы менен тааныштырууну колдоого даяр. Рахмат колдооңуз үчүн! Биргеликте  туризмди өнүктүрүү оңой!” – деп билдирет.

Билдирүүдө өз ара кызматташуу, Кыргызстандын туризминин жаңы деңгээлге чыгуусуна эң сонун мүмкүнчүлүк болору белгиленген.

https://kabar.kg/news/turetckaia-aviakompaniia-vydelit-besplatnye-bilety-dlia-reklamy-kyrgyzstana-v-evrope/