15.12.22

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ)  “Масдар” компаниясы Кыргызстанга 200 (МВт) кубаттуулуктагы күн электр станциясын курат. Аны куруу келишимине аталган компаниясынын өкүлү жана Кыргызстандын Энергетика министрлигинин ортосунда кол коюлган.  Бул тууралуу, министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, кол коюлган келишимдин негизинде “Масдар” компаниясы станцияны курууга ылайыктуу жер табуу үчүн төрт ай бою изилдөө иштерин жүргүзөт. Азырынча болжол менен Токтогул суу сактагычына жакын, ошондой эле Ысык-Көл жана Баткен облустарынын аймагынан жерлер каралууда.

Станциянын курулушу келерки жылдын июнь айында башталып, 2025-жылы пайдаланууга берилмекчи.

Күн станциясынын курулушун “Масдар” компаниясы  каржылайт. Компания 180 миллион доллар инвестиция салууну пландоодо. Келечекте станциянын кубаттуулугун 1 (ГВт)  чейин көбөйтүү пландалууда.

Эскерте кетсек “Масдар” компаниясы жаратылыштан энергия өндүргөн компаниясы катары белгилүү. Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) борбору Абу-Даби шаарында офиси  жайгашкан.  Компания 2006-жылы Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) өкмөтү тарабынан негизделген.

https://economist.kg/novosti/2022/12/15/kompaniya-masdar-iz-oae-postroit-v-kyrgyzstane-solnechnuju-elektrostanciju-moshhnostju-200-mvt/