01.06.23

Бишкекте Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын энергетика ведомстволорунун жетекчилери  6-январь күнү “Камбар-Ата ГЭС-1” биргелешип куруу боюнча макулдашышты. Бул тууралуу “Liter.kz.” маалымат кызматы билдирди.

“Камбар-Ата ГЭС-1 куруу” долбоорунун курулуш иштерин ишке ашыруу боюнча “Жол картасына” Казакстандын Энергетика министри Болат Акчулаков, Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов кол коюшту.

Тараптар курулуш долбоорун ишке ашыруунун негизги шарттарын макулдашышты жана гидроэлектро станцияны өз убагында ишке киргизүү боюнча алдыдагы кадамдарды белгилешти.

“Камбар-Ата ГЭС-1” курулушу аятагандан кийин, Кыргызстандагы эң чоң электр станциясы болушу күтүлүүдө. Аталган ГЭС Борбор Азия өлкөлөрүн электр энергиясы менен камсыз кылып, аймакты суу менен камсыздоону турукташтырат, деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Казакстандын бул долбоорго катышуусу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2022-жылдын май айында, Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылууда.

https://liter.kz/kazakhstan-kyrgyzstan-i-uzbekistan-sovmestno-postroiat-ges-1673004481/