17.01.23

Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Москва районунун Ак-Суу айылында, Өзбекстандын “UzAutoSanoat” компаниясы менен биргеликте автоунааларды өндүрүү ишке ашырылат.

Бул тууралуу 17-январь күнү, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин “Отун-энергетика комплекси” комитетинин жыйынында, Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди. Комитетте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы “Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык унааларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө” макулдашуунун долбоору талкууланды.

Автоунаалардын өндүрүшүн уюштуруу иштери үч этапка бөлүнөт:

- биринчи этапта (3 жыл ичинде) 10 000 автомобиль жана коммерциялык  техникалар өндүрүлөт;

- экинчи этапта (4-5 жыл ичинде) 20 миң автомобиль жана коммерциялык унаалар чыгарылат;

- үчүнчү этапта (6 жыл ичинде) 30 миң автоунаа чыгарылат.

Келишимге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 26-январь күнү Кыргызстанга иш сапары менен келген учурда кол коюлушу күтүлүүдө.

https://www.tazabek.kg/news:1849947?from=tazabek&place=mainlast