18.01.23

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев 17-январь күнү, Түркиянын палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) президенти Рифат Хисаржыклиоглу менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар, Түркиядан Кыргызстанга ири инвестицияларды тартуу жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Ошону менен бирге, Кыргызстандагы Түркиялык компаниялар туш болгон көйгөйлүү маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) президенти Рифат Хисаржыклиоглунун, алдыда Кыргызстанга боло турган иш сапарынын алкагында, жолугушууну уюштуруу маселеси каралды.

https://kabar.kg/news/posol-ruslan-kazakbaev-vstretilsia-s-prezidentom-soiuza-palat-i-tovarnykh-birzh-turtcii/