20.02.23

Кыргызстандын Жогорку кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети 2022-жылдын 11-октябрь күнү Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы “Азербайжан-Кыргызстан” өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун үч окууда карады.

Мыйзам долбоорун Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов депутаттарга тааныштырды.

Анын айтымында, “Азербайжан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыгын, өнөр жайын модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу жана арттыруу максатында түзүлөт.

Ал белгилегендей, фонддун уставдык капиталына Азербайжан тарап  25 миллион доллар салмакчы.

https://kabar.kg/news/azerbaidzhan-vneset-v-ustavnoi-kapital-azerbaidzhano-kyrgyzskogo-fonda-razvitiia-25-mln/