02.03.23

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Azerbaycan Airlines” авикомпаниясынын президенти Жахангир Аскеров менен жолугушту. Тараптар өлкөлөр ортосундагы жарандык авиация тармагындагы мындан аркы кызматташуунун максаттарын жана милдеттерин талкуулашты.

Көрүшмө учурунда, Кыргызстан менен Азербайжандын борбор шаарларынын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу, ошондой эле  үзгүлтүксүз товар ташууларды ишке ашыруу боюнча аткарыла турган конкреттүү иш чараларды белгилешти.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин 2-мартта Азербайжанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы менен тараптар түз авиакаттамдарды ачуунун техникалык параметрлерин деталдуу талкуулашып, жакынкы аралыкта эксперттик топтордун жолугушууларын уюштурууну макулдашышты.

https://economist.kg/novosti/2023/03/02/kyrgyzstan-i-azerbajdzhan-zapustyat-mezhdu-stranami-pryamoj-aviarejs/