08.03.23

Өзбекстанда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Асака шаарында жайгашкан “UzAuto Motors” автоунаа заводунун өндүрүш процесси менен таанышып чыкты.

Завод менен таанышуу учурунда, Акылбек Жапаров аталган автозаводдун инвестиция тартууда жана өндүрүш процессин эффективдүү уюштурууда жакшы үлгү болуп бере тургандыгын белгиледи.

Акылбек Жапаров: “Эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүнүн алкагында, өнөр жай кооперациясын түзүү зарыл. Бул багытта алгачкы кадамдар жасалды. Эми жакында түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу үчүн “UzAuto Motors” заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу гана калды”, - деп белгилеп өттү.

https://kabar.kg/news/glava-kabmina-kr-oznakomilsia-s-proizvodstvennym-protcessom-na-zavode-uzauto-motors/