09.03.23

Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокат районунда ири текстиль фабрикасы иштеп баштайт. Аны курууга 16 миллион доллар өлчөмүндө акча каражаты жумшалды. Бул тууралуу, 9-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттеринин 2023-жылдын башында, жетишилген макулдашууларынын негизинде, Жалал-Абад облусунда текстиль фабрикасын куруу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлган.

“Fazman Textile” текстиль фабрикасынын курулушу “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.

“Fazman Textile” текстиль фабрикасы жылына 1 миллион даана  даяр продукцияны өндүрө алат. Негизинен эркектердин, аялдардын жана балдардын кийимдери тигилет. Экспорттун көлөмү жылына 15 миллион долларга жетүүсү күтүлүүдө.

https://economist.kg/novosti/2023/03/09/v-dzhalal-abadskoj-oblasti-postroyat-tekstilnoe-predpriyatie-za-16-mln/