10.03.23

Кыргызстандын делегациясынын Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгында, бир катар макулдашууларга жетишилип, эки мамлекет биргелешкен өндүрүш боюнча тиешелүү келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын “Дастан” ишканасы менен Өзбекстандын “Тошэлектроаппарат” заводунун ортосунда, акылдуу эсептегичтерди өндүрүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду.

Мындан тышкары, Кыргызстандын “Vision Group” компаниясы менен Өзбекстандын “Mega Farm Service” компаниясынын ортосунда, Кыргызстанда биргелешкен фармацевтикалык өндүрүштү түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду. Долбоор 10 миллион долларга бааланууда.

Ошондой эле “Halmion Prom” (Кыргызстан) жана “Child Toys Corporation” (Өзбекстан) компанияларынын ортосунда, Кыргызстанда пластмасса түтүктөрүн, пластикалык буюмдарды жана эмеректерди чыгаруу боюнча 3 миллион долларга  биргелешип завод куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

https://economist.kg/novosti/2023/03/10/kyrgyzstan-i-uzbekistan-budut-sovmestno-proizvodit-lekarstva-umnye-schetchiki-i-plastikovye-izdeliya/