09.03.23

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Тараптар, Кыргызстанга Түркиядан инвестиция тартуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу, 9-март күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дипломаттар “Кыргыз-Түрк” өнүктүрүү инвестициялык фондун түзүү аркылуу, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүүнү талкуулашты. Мындан тышкары, Руслан Казакбаев Түркияда 6-февралда болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тартткан курмандыктарга байланыштуу боордош түрк элине көңүл айтты.

Мевлют  Чавушоглу Кыргызстандыктарга түрк эли үчүн ушундай оор учурда көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мындай жакын мамиле эки өлкөнүн  мамилелеринин жаңы барагын ачкандыгын белгилеп өттү.

Жолугушуунун соңунда, эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин күн тартибинин бардык маселелери боюнча пикир алмашуу жана мындан аркы үзгүлтүксүз байланыштарды улантууну макулдашышты.

https://centralasia.news/20079-privlechenie-tureckih-investicij-v-kyrgyzstan-obsudili-predstaviteli-mid.html