30.06.23.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Аянты 4 миң гектарды түзөт.

Тыштан келген инверсторлор сала турган Асман экошаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулат. Заманбап Асман экологиялык таза шаарын 7-10 жылда куруп бүткөрүү пландалууда.

http://kg.kabar.kg/news/sadyr-zhaparov-ysyk-k-ld-asman-eko-shaarynyn-kurulushuna-kapsula-saldy/