19.09.23

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында, БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында, 19-сентябрь күнү  Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Мамлекет башчылары Кыргызстан-Түркия эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселесине токтолушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу кызматташуунун бардык чөйрөлөрүн камтыган учурдагы күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен аракеттерди белгилешти. Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган эки тарапты тең кызыктырган кызматташтыктын бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча байланыштарды тереңдетүү үчүн жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну макулдашышты.

https://kg.akipress.org/news:1987645?from=portal&place=last