19.10.23

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы менен 2023-жылдын 18-октябрь күнү  жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар айыл чарба жана токой чарбасы тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандан Түркияга айыл чарба продукциясын экспорттоо жана бул жаатта тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Казакбаев Кыргызстандын балы менен өрүгүнө бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү, ошондой эле эт азыктарын алып кирүүгө тыюу салууну алып салуу аркылуу, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Түркияга экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар төө буурчактын үрөнүн жана буудайдын элиталык сорттору менен кыргызстандык дыйкандарды камсыз кылуу жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча окуу борборлорун уюштуруу, ошондой эле органикалык айыл чарба, мал чарбачылыгы жана кооперативдерди өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Элчи менен министр ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу пландарын талкуулашты. Түркия тарапка, Кыргызстандын айыл чарба министринин атынан Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келүүгө чакыруу берилди.

Жолугушуунун соңунда, тараптар эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтеринин жумушчу топторунун онлайн жолугушуусун уюштурууну, ошондой эле ветеринардык коопсуздук жаатында кызматташуу боюнча меморандумду түзүү мүмкүнчүлүгүн иликтөөнү макулдашты.

https://www.tazabek.kg/news:2005022?from=portal&place=last